• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев милиция кызматкерлерин куттуктады

Президент 0

Бишкек, 01.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Алмазбек Усенов бүгүн, 1-ноябрда, Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин күнүнө арналган иш чарага катышып, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосун окуп берип, ички иштер органдарынын айырмаланган кызматкерлерине Мамлекет башчысынын энчилүү сааттарын тапшырды.

Президенттин аппаратынан билдиришкендей, Президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосунун тексти төмөнкүдөй:

«Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Бул майрам күн, түн дебей, тыныгуу билбей - ар бир күнү, өз убактысын, күчүн жана ден соолугун аябай өз милдетин өтөп жаткандардын майрамы.

Ардактуу ардагерлерибиз өзгөчө ыраазычылык билдирүүгө татыктуу. Алар кылмыштуулукка каршы катуу күрөш жүргүзүп, азыркы күндө дагы четте калбай, жаштарыбызга үлгү болуп, аларга жакшы тарбия-таалим берүүдө.

Өлкөдөгү демократиялык кайра түзүүлөрдүн алкагында жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо учурда сезилерлик жыйынтыктарды берип жатат. Милициянын ишмердигинин мыйзамдык негиздери калыптанды, бардык системанын милдеттерин жана уюштуруучулук-штаттык түзүлүшүн оптималдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлдү. Ички иштер органдарынын ишмердигин баалоонун ыкмалары жана критерийлери түп тамырынан бери өзгөртүлдү.

Милициянын иш формасынын жана ыкмаларын гумандаштыруу, укук коргоо органдары менен коомдун өз ара мамилесин өнөктөш моделине өткөрүү – реформанын негизги багыттарына айланды.

Мамлекет милиция кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан коргоо багытында бир катар олуттуу кадамдарды жасап жатат. Айлык акылар жогорулатылып, көп кабаттуу үйлөр курулуп, ички иштер министрлигин каржылоого олуттуу каражаттар бөлүнүүдө. Акыркы жылдардын аралыгында Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 69 турак жай обьектилери курулуп, 2200дан ашуун үй-бүлө өз турак жайына ээ болду. Учурда 1545 батирлүү 32 үй курулууда.

Мамлекет мындан ары дагы укук коргоо органдарын ар тараптан колдоого тийиш. Ички иштер органдарынын кызматкерлери дагы эл менен байланышты чыңдап, милициянын коомдогу кадыр-баркын көтөрүү менен жогорку ишенимди актайт деп ишенем. Мамлекеттеги туруктуулук, элдин бейпил турмушу жана алардын эртеңки күнгө ишеними сиздердин ишиңиздерге жараша болот.

Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоолордо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо укук тартибин, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча так жана шайма-шай иш жүргүзгөндүгү үчүн милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирем.

Кылмыштуулукка, коррупцияга жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча сиздердин алдыңыздарда өтө жооптуу жана маанилүү милдеттер турат. Мындай жооптуу иш сиздерден тактыкты, туура чечим кабыл алууну, мыйзамды урматтоону жана кесипкөйлүктү талап кылат.

Дагы бир ирет сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, ишиңерге ийгилик, Кыргызстаныбызга тынчтык жана өнүгүү каалайм!"

Пикир

Оставить комментарий