• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Атамбаев Мирзиеёвди телефон аркылуу куттуктады

Президент 0

Бишкек, 24-июль /Кабар/. Бүгүн, 24-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев Президент Шавкат Мирзиёевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда Өзбекстан мамлекет башчысынын эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого кошкон салымын жогору баалашаарын баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзиёевко чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий