• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев Монголиянын жаңы президентин куттуктады

Президент 0

Бишкек, 10-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Халтмаагийн Баттулганы Монголиянын Президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Шайлоодо жеңишке жетишүү Монголиянын алдында турган экономикалык жана социалдык актуалдуу милдеттерди чечүүгө багытталган Сиздин пландарыңыз шайлоочулардын кеңири колдоосуна ээ экендигин ырастап турат.

Сиз Президент болгон жылдары Монголияда экономикалык өнүгүүдө жаңы жетишкендиктер жаралып, ал эми өлкөнүн эл аралык аренадагы кадыр-баркы мындан ары дагы өсөөрүнө ишенем”, -деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары кыргыз-монгол мамилелеринде бардык негизги багыттар боюнча активдүү динамика бар экендигин белгилеген. Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн элинин кызыкчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү үчүн биргелешкен ишти улантууга даярдыгын билдирген.

“Ошону менен бирге Монголиянын даңктуу тарыхын жана кайталангыс салттарын чагылдырган алдыда келе жаткан “Наадам” жана Элдик революция күнү майрамдары менен куттуктап коюуга уруксат этиңиз” - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Халтмаагийн Баттулгага чың ден соолук жана жооптуу кызматта алдыга койгон бардык максаттарды ишке ашырууда зор ийгилик, ал эми боордош Монголия элине – тынчтык жана жакшылыктарды каалады.

Пикир

Оставить комментарий