• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев Москвадагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл койду

Президент 0


Москва, 20-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Россияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Москвадагы “Белгисиз жоокердин” мүрзөсүнө гүл чамбар койду.

Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта каза болгондорду эскерди. Бир мүнөттүк тыныгуудан кийин оркестрдин коштоосунда Кыргызстандын гимни аткарылды.

Белгилей кетсек, бүгүн Алмазбек Атамбаевдин Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлүүдө. Ал эми эртең, 21-июнда Атамбаев премьер-министр Дмитрий Медведев менен жолугат.

Ошондой эле, бүгүн Россияда “Кыргызстандын күндөрү” аттуу маданий иш чара башталат. Кремлдин чоң залында Кыргызстандын искусство адамдары концерттик программа тартуулайт.

Президент баштаган кыргыз делегациясы Башкортостанда, Татарстанда болуп, Алмазбек Атамбаев аталган өлкөнүн мамлекет башчылары менен жолугушат.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик сапары 24-июнда соңуна чыгат.

Пикир

Оставить комментарий