• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев Москванын жана бүткүл Рустун Патриархы Кирилл менен жолукту

Президент 0


Бишкек, 29-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-майда Кыргызстанга келген Москванын жана бүткүл Рустун Патриархы Кирилл менен жолукту. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Москванын жана бүткүл Рустун Патриархын жылуу кабыл алып, сый коноктун Кыргызстанга келгенине кубанычта экенин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда диний жааттагы саясат, диний чөйрөдөгү негизги көрүнүштөр тууралу айтып берди.

Москванын жана бүткүл Рустун Патриархы Кирилл өз кезегинде православ чиркөөсүнө көӊүл бөлүнүп жатканына ыраазылыгын билдирди.

«Биерде православ чиркөөсүнүн болушунун өзү эле кыргыз коомунун көп улуттуу, көп конфессиялуу экенин ырастайт, - деди Патриарх. – Диндер арасында мамиле ар башка болуп жатат. Мен Кыргызстан мусулмандарынын муфтийине жолугуу жана биздин диний башкармалык менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Биерде улуттар, диндер арасында мамилелердин өзгөчө сейрек маанайы өкүм сүрөт деп айта алам. Ушунун өзү коомдун туруктуулугун камсыздайт. Ошондуктан сизди куттуктагым келет, анткени Президенттин жана бийликтин тикелей катышуусусуз ушундай сейрек алака-катышты орнотуу кыйын».

Жолугушууда Президент Алмазбек Атамбаев менен Патриарх Кирилл радикализмге бөгөт коюуда диний билим берүүнүн мааниси жана диний кырдаалдын өнүгүү тенденциялары тууралу ой бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий