• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Атамбаев: «Мугалимдер менен карапайым эмгекчилер – биз сыймыктанчу адамдар»

Президент 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, бүгүн, 12-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы чакырылгандарды мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап, бүгүн сиздерге сыйлык тапшыруу сыймык экендигин белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев сыйлыкка татыгандарга жемиштүү, жаратман эмгеги үчүн, өз ишине, кесибине жана өлкөгө берилгендиги үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди.

Президенттин сөзү боюнча бүгүн чакырылгандардын арасында мугалимдер көп. «Мен премьер-министр болуп шайланганда, андан кийин Президент болуп шайланганда, эң биринчи максаттарымдын бири – билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бөлүү, жардам берүү, мугалимдерге камкордук көрүү болду. Өзүңөр билесиңер, өткөн 5-6 жылдын ичинде мугалимдердин орточо маянасы 4 эсеге көтөрүлдү. Мугалимдер үчүн ипотека иштеп баштады. Ушул жылдын аягына чейин, Кудай буйруса, өлкөдө бир да авариялык мектеп калбайт. Же жаңы имарат салынат, же капиталдык ремонт жасалат», - деп Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн жээгинен мугалимдер үчүн пансионат берилгендигин, анын участогуна мугалимдер эс ала турган татынакай корпустар курулаарын кошумчалады.

«Өлкөдө жаңы ишканалар курулбаганы менен, биз республикалык бюджеттин 24% билим берүү тармагына жумшаганга жетиштик. Мындай нерсе дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө жок. Дүйнөдө бюджеттин 3-4 эң жогоркусу 6 % билим берүүгө жумшалат. Ар кандай проблемаларга карабастан, бюджеттин 24% билим берүүгө жумшаганыбыз абдан маанилүү деп эсептейм. Өлкөнүн келечеги – билимдүү, күчтүү коомдо. Билим болгон жерде маданиятсыздыкка, акылсыздыкка жана жапайычылыкка жол жок», -деди Президент.

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн билимге жана билимдүү коомду карай умтулуусу улантылаарына, өлкө ушул багытынан тайбастыгына ишенимин билдирди. “Өткөн жылы биз өлкөбүз бир адамдын, мейли ал президент болсун, чечиминен гана көз каранды болбосу үчүн референдум өткөрдүк. Эми бийлик күчү туура таразаланды. Конституцияга өзгөртүүлөр ушул жылдын декабрында күчүнө кирет”,- деди ал.

Президент кеч болсо да өз сыйлыгын алып жаткан Кыргыз эл артисттери Зейнеп Шакеева менен Алтынбек Сапаралиев жөнүндө айтып өттү. «Эсимде бар, Алтынбек Сапаралиевди туурап «Пиалада кантың бар» менен «Стамбулдун кыздарын» айылдагы жигиттердин баары, орустар да кошо кыңкылдап жүрчү. Зейнеп эженин аткаруусундагы «18 жаш» менен «Чагылган» болсо, кыз-келиндердин оозунан түшчү эмес. Азыр да Зейнеп эженин ошондогу аткаруусу жүрөктү эзип кетет», -деп кошумчалады ал.

Мамлекет башчысы бүгүн сыйланган кыргызстандыктар - элибиздин сыймыгы экендигин баса белгиледи. «Алдыда бизди жаркын келечек күтүп турат, анткени биз өз жолубузду таптык», -деди Алмазбек Атамбаев. – Бир-эки жылдан кийин, өлкөдөгү долбоорлордон кайтарым боло баштаганда экономикабыз өсө баштайт, азыр деле сезиле баштады. Биз азыр ИДП өсүш көрсөткүчү боюнча КМШда алдыңкы катардабыз. Ошондон кийин бюджеттегилерге айлыкты жана пенсияны көтөрө баштайбыз».

«Негизгиси көп улуттуу элди аймактарга жана улуттарга эч качан бөлбөгүлө. Биздин күчүбүз дайыма биримдикте болуп келгенин эстен чыгарганга болбойт», - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча катышуучулардын арасында фермерлер, малчылар, мугалимдер көп. «Сиздер абдан окшошсуздар, дан, пахта өстүргөндөр менен балдарга тарбия берип өстүргөндөр ал тургай тышкы турпатыңар менен окшошуп кетесиздер. Табияттын кыялы ар кыл – кээде жаан жаайт, кээде кар жаайт, бирок сиздер жакшы түшүм алыш үчүн бардыгын жасайсыздар. Мугалимдер дагы балдар жакшы адам болуп чыгыш үчүн колдон келген бардык аракетин жасайт. Бул абдан зор иш. Эгерде мен турмушта бир нерсеге жетишсем, мында ата-энемдин гана эмес, мугалимдердин дагы эмгеги зор. Мугалимдер менен карапайым эмгекчилер – биз сыймыктана турган ыйык адамдар. Сиздерге терең таазим!», - деп Президент сыйлык алгандарга жаратман эмгеги үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, мугалимдер, карапайым эмгекчилер, маданият ишмерлери өлкөбүздүн уюткусу экендигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өз сөзүн аяктап жатып, жалпы өлкөбүз сыймыктанган кыргызстандыктардын катарында болуп, аларга мамлекеттик сыйлык тапшырыш аны үчүн чоң сыймык экендигин дагы бир ирет белгилеп өттү.

Мамлекеттик сыйлыктар менен кошо Президент Алмазбек Атамбаев сыйлык алган 133 адамдын ар бирине 10 миң сомдон акчалай белек тапшырды. Бул каражаттар Мамлекет башчысынын чечими менен Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий