• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев Нью-Йоркто БУУнун 72-Генералдык ассамблеясынын ишине катышты

Президент 0


Бишкек, 20.0917. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 19 сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында БУУнун 72-Генералдык ассамблеясынын ишине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы БУУнун башкы кеңешме органы - Генералдык ассамблеянын жалпы дебатыныны ачылышына катышты. Азыркы дебаттардын темасы “Көңүлдү адамга буруу менен: жашоого жөндөмдүү планетада бардыгы үчүн тынчтыкты жана татыктуу турмушту камсыз кылууга умтулууда”.

БУУнун Генералдык ассамблеясынын жалпы дебаттарынын алкагында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш, АКШнын Президент Дональд Трамп жана башка бир катар дүйнөлүк лидерлер чыгып сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий