• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Атамбаев үнүн кимге жеткиргиси келди?

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

11-мартта маалымат каражаттарына жарыяланган президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү кыйла катуу жасалды. Мамлекет башчынын эмоционалдуу кайрылуусу резонанс жаратып, Алмазбек Шаршеновичтин дарегине карата талаш-тартыштарды, талкууларды жана сын-пикирлерди пайда кылды. Бул билдирүүдөн ЖМКларды кысымга алуу жана цензура киргизүүгө чейинки кандайдыр бир коркутууларды, кай бир натыйжаларды байкагандар, албетте, болбой койгон жок.

Анткен менен, негизгиси Атамбаев “өлкөнүн тиешелүү органдары бул эркиндик үчүн күрөшүмүш болгондорго мыйзам жалпы эл шайлаган президент үчүн гана эмес, бардыгына бирдей экендигин эске салуу убактысы келди” деп жазгандыгында эмес. Билдирүүнүн өзөгү - Атамбаевдин фунтаменталдык маселени көтөрүп, өлкөнүн сөз эркиндиги принциптеринин баалуулугу кетип жаткан маалыматтык айдыңында түзүлгөн кырдаал боюнча өзүнүн тынчсызданууларын коомго жеткирүү аракетинде болуп эсептелет.

Эркиндик - бул алды менен жоопкерчилик экендигин эскертүүнүн кажети барбы. Сенин эркиндигиң башка бирөөнүн эркиндиги башталган жерде бүтөт. Негизги принцип мына ушул. Ойлору демократиялык эркиндиктин негизине айланган улуу философ Иммануил Кант адам өз кадамын таштоонун алдында, жеке каалоолорун гана эмес, өзү үчүн милдеттүү жалпы адамзаттык эрежелерди эске алуусу керектигин жазган. Ар бир адамдын түрдүү кийгилигишүүлөрдөн коргогон инсандык абийири бар. Ошондой эле, ар бир адам өз кадырына ээ болуп саналат.

Сөз эркиндигин дал ушундай өңүттөн кароо керек. Сөз адамды өлтүрө алат, кээде такталбаган, текшерилбеген маалымат эң эле күтүлбөгөн саясий натыйжаларга алып келиши мүмкүн. ЖМКларда кандайдыр бир максатта жалган маалымат, ачык ушак жайылтыла баштаса, бул сөз эркиндиги эмес, адам укугун арсыздык менен бузуу болуп саналат. Ар-намысын жана абийирин кемсинтүүдөн тышкары, адамдардын так, объективдүү, чындык маалыматты алуу укугу бузулат. Жада калса адамдардын чындыкты билүүгө болгон ыйык укугу тууралуу айтууга болот. Бул укуктун бузулушу элди кырдаалдын терс нукка бурулушуна багытталган имиштердин жана жалган маалыматтардын кулуна айландырат. Муну каралоонун, жалган маалыматтардын жана ачык демагогиянын аркасында өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттерин көргөн Атамбаев так белгиледи. Президенттин кооптонуулары орундуу, себеби багытсыз, адепсиз жана алданган коом адамдарды саясий максаттарына жетүү каражаты катары гана колдонгон ар кандай алдамчылардын жемине айланып калышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, Канттын императивдеринин биринде адам башка адамды жеке пайдасына жетүү куралы катары көрбөшү керектиги айтылат. Журналисттер адамдардын акылына таасир эте алуучу кесип ээлери катары бул эрежени так кармануулары керек.

Атамбаев жаңыча эч нерсе айткан жок. Ал болгону социалдык тармактарды жана ЖМКларды жалган маалыматтар, ойлонуштурулган компроматтардын каймагы каптап кеткенине кооптонгон адамдардын тынчсызданууларын гана билдирди. Ал эми алар агрессияны ойготуп, жарандардын арасында өз ара касташууларды өбөлгөлөп, маанайга терс таасирин тийгизет. Өлкөдө бардыгыбызды касташтырган согушка айланышы мүмкүн болгон моралдык-психологиялык терс маанай түзүлүп жатат. Бир жагынан алганда, жалган маалыматтардан улам ЖМКларга ишенбөөчүлүк өсүп, анын аркасынан бардык мамлекеттик органдарга, ошондой эле жарандык, саясий институттарга болгон ишеним кетет. Мындай жагдай жаңы Гитлердин жаралышына алып келет. Бул кандай жаман угулганы менен, фашизм өз ара касташуудан, коомдогу ишенбөөчүлүктөн жана демократиялык эркиндик түшүнүктөрүнүн девальвациясынан түптөлөт. Атамбаев мына ушул тууралуу айтып жатат. Эмоционалдуу, кызуу кандуу жана катаал болсо да, президент өз билдирүүсү аркылуу саясий пикир келишпестиктеринен улам сөз эркиндигинин принциптеринен аша чабууга даярларга үнүн жеткирүү аракетин жасады.

Айнура Эсентурова, укук таануучу

Булагы: akipress.org сайты

Пикир

Оставить комментарий