• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев Нарын шаарында көп батирлүү турак үй курулчу жерге капсула салуу аземине катышты

Президент 0


Бишкек, 08.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-сентябрда Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарында көп батирлүү турак үй курулчу жерге капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы үйдүн курулуш долбоору менен таанышып, сөз сүйлөдү.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө өлкөнүн аймактарында социалдык турак жай куруу боюнча масштабдуу долбоор Нарын шаарынан башталгандыгын белгиледи.

“Бирок «Арзан турак жай 2015-2020” программасы Нарында бир үйдү куруу менен чектелбеши керек. Курулуш иштери тынымсыз жүргүзүлүүгө тийиш. Нарын шаарынын көркү жакында жакшы жагына өзгөрө баштайт. Калкты арзан турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири болууга тийиш. Жакынкы 5-10 жылда биз бардык муктаж болгондорго жана бюджет тармагынын кызматкерлерине социалдык турак жайлардын тартыштыгын жоюуга милдеттүүбүз”, -деди Мамлекет башчысы.

Андан соң Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун ишмердигине токтолуп, анын каражаттары Кыргызстанда жаңы ишканаларды ачууга жумшалууга тийиш деди. Жарандарыбыз арзан кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, ошону менен региондорубузду жана жалпы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кол кабыш кылышы керек.

“Бул калкыбызды жаңы жумушчу орундар менен камсыз кылууга шарт түзөт. Жакынкы жылдары өлкөбүз түп тамырынан бери өзгөрөт. Азыр биз ай сайын жаңы ишканаларды ачып жатабыз, ал эми жакынкы аралыкта мындай окуялар андан дагы тез-тез болот. Бардык жакшы өзгөрүүлөр убакытты жана чоң күч аракетти талап кылат”,-деп Мамлекет башчысы шаардыктарды кыргыз-россиялык өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган бизнес-долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.

Өз сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев шаардыктарды биримдикке жана ынтымакка чакырып, колдоо жана ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий