• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Атамбаев Ооганстан Президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кабул шаарында болгон террор актысынын кесепетинен көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Ооганстан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кыргыз Республикасы тынч жашаган жана күнөөсүз жарандарга каршы багытталган бул адамгерчиликсиз актыны чечкиндүү айыптайт», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө алардын аза кайгысын тең бөлүшкөн көңүл айтуусун, ал эми жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетишин каалай турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий