• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Атамбаев Ош облусунун активи жана коомчулугу менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 12.10.17. /Кабар/. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Ош облусунун активи жана коомчулугу менен жолугушту.

Салттуу түрдө суроо-жооп форматында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы жарандардын жолдордун, мектептердин, ооруканалардын курулушу боюнча суроолоруна жооп берип, инфраструктуралык долбоорлор, ирригация системасын өнүктүрүү чаралары тууралуу айтып берди.

Президент облустун жашоочуларына туруктуу колдоосу жана ишеними үчүн ыраазычылык билдирди. Өлкө башчы Өзбекстан менен жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери, көзөмөл-өткөрмө жайларын ачуу маселелерине токтолду.

Ошондой эле алдыдагы президенттик шайлоо таза жана демократиялык жол менен өтөрүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий