• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Атамбаев: “Өзүм тарбиялаган жаш жигит премьер-министр болду”

Президент 0


Бишкек, 28.08.17. /Кабар/. “Премьер-министр мен өзүм тарбиялаган, жаш жигит болду”,-деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев Өзгөн районунун Ынтымак айылындагы жергиликтүү тургундары менен жолугушуу учурунда.

Өзгөчө кырдаал учурунда жабыркаган жарандар Ынтымак айылына көчүрүлүшкөн. Айылда электр зымдарын тартуу, ичүүчү суу жана жолдорду куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкө башчы үстүбүздөгү жылдын декабрь айында кызматтан кете тургандыгын айтты.

“Премьер-министр мен өзүм тарбиялаган, жаш жигит болду. Өкмөткө жаштар келди. Алар мен баштаган жол менен кетет деп ишенем. Алар, бүтпөй калган иштерди аягына чыгаарын көзөмөлдөп, анын ичинде Ынтымак айылынын маселесин чечишет”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий