• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Атамбаев президент катары соңку ирээт сыйлык тапшырды

Президент 0

Бишкек, 22.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн президент катары акыркы ирээт мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Сыйлоо аземи “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өттү.

“Бүрсүгүнү биз бийликти жаңы мамлекет башчыга тапшырабыз. Мен кечээ тик учак менен Жалал-Абадка андан соң Тогуз-Торго барып келдим. Ал жакта элдердин маанайы такыр башкача. Мен ал жакта 2010-жылы эмне болгондугун билем. Учуп баратканда Датка-Кеминдин тирөөчтөрүн көрдүм. Ал биздин байлыгыбыз болчу. Ал биздин туруктуулук, биздин көз карандысыздык. Бул туруктуулуктун орношунда биздердин салым абдан чоң. Бүгүн мен үчүн кубанычтуу күн. Бүгүн мен президент катары акыркы жолу сыйлык тапшыруу аземин өткөрүп жатып, бул сыйлыктардын бардыгы – эмгек сиңген деп айткым келет”,-деди Атамбаев.

Президенттин айтымында, сыйлангандардын арасында серепчилер, саясатчылар жана журналисттер көп.

“Алар татыктуу. Ушул жылдар аралыгында менин жанымда болуп, мага колдоо көрсөткөнүңөр үчүн рахмат. Бул сыйлыктардын бардыгы татыктуу”,-деп баса белгиледи Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий