• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев: Президент Назарбаев тууралуу эмоция менен айтканым, балким, туура эмес болгон чыгаар

Президент 0

Бишкек, 18.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Казакстандын президенти Назарбаев тууралуу эмоция менен айтып жатканда, балким, меники туура эмес болгон чыгаар. Ал дагы мен сыяктуу ишенчээк”, - деди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев КР ЖОЖдорунун стипендиаттары менен жолугушууда.

Кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу чындыгында Кыргызстанды Россиядан бөлүү аракети жасалып жатканын билдирди.

“Бирок Казакстандын президенти мындан шек алган жок. Ал өзүнүн айлана чөйрөсүндөгү казак олигархтарынын таасиринде калууда. Алар Назарбаев тууралуу эмес, өздөрүнүн келечеги, батыш банктарындагы эсептери жөнүндө ойлоп жатышат”,-деди Атамбаев.

“Айрымдар Кыргызстандын бардык транспорттук жолдоу Казакстан аркылуу өтөрүн айтышууда. Бул жалган. Биздин башка да коңшуларыбыз бар. Биздин Өзбекстан, Кытай жана Тажикстан менен мыкты мамилелерибиз бар. Албетте, биз продукциябызды сатуунун башка жолдорун издешибиз керек”, - деди ал.

Ал Кыргызстан эли үчүн көз карандысыздык эң кымбат экенин билдирди.

“Бул көз карандысыздыкты акча менен тартып алууга болот. Эгерде кээде кооз сөздөргө алданып калса, аны түшүнбөй калууга болот. Мунун аркасында шайтан катылууда. Мен өзүм да алданып калам. Менин баарына көзүм жеткенине бир жарым ай гана болду”, - деди ал.

“Мен президент болгондо, мен үчүн коңшулар менен достук мамиле маанилүү болчу. Океандын ары жагындагылар менен эмес, дал ушул коңшулар менен, муну эстен чыгарбоо керек ”, - Атамбаев

Пикир

Оставить комментарий