• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев: Президенттик шайлоо учурунда башаламандык кылууну каалагандарды камадык жана камайбыз

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Салтанат Абдраева - Кабар/. “Президенттик шайлоо учурунда башаламандык кылууну каалагандарды камадык жана камайбыз”, - деп билдирди журналисттер менен жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев.

ЖМК өкүлдөрү мамлекет башчыдан бүгүн өлкөдө башаламандыктарды уюштурууну каалагандарга кандай чара колдонуларын сурашты.

“Камадык жана камай бермекчибиз. Албетте, акчасын чачып жаткандар, эмне кылып жатканын түшүнбөй жатышса керек. Мындай жеңил акчага айрым жарандарыбыз азгырылып кетет. Кечээ мурдагы атайын кызматтын кызматкери бар топту кармадык. Биз атайын кызматтын мурдагы кызматкерлери болбой турганын билебиз. Алар акча таратышкан. Каалаганын жасай бергендердин заманы бүткөн”, - деди Атамбаев.

Президент 1-декабрга чейин элдин майрамын бузууга ниеттенгендерди жазалоого убактысы жетээрин баса белгиледи. “Шайлоо – бул майрам”, - деп белгиледи ал.

Мамлекет башчы калкты сабырдуулук менен добуш берип, эч нерседен коркпоого чакырды. “Эч нерседен коркпогула. Тынч барып, добуш бергиле. Биз экинчи ирет аймакта ачык шайлоо өткөрүп жатабыз. Башаламандык уюштурууну каалагандардын баарынын орду абакта”, - деп билдирди президент.

Пикир

Оставить комментарий