• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев РФ Федерация кеңешинин төрайымы В.Матвиенко менен жолукту

Президент 0

Бишкек, 4-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту.

Жолугушууда Атамбаев Матвиенкону Кыргызстанга келиши менен куттуктап, ыраазычылык билдирди.

“Биздин өлкөгө келгениңизге рахмат. Президент катары мага Кыргызстанга келген сиздин ар бир сапарыңыз - чыныгы достуктун белгиси катары сыпатталат. Федерация кеңешинин бизге кандай гана маселе болбосун жардам берип келээрин биз жакшы билебиз. Биз ММКларда жана телелерде айтылган маалыматтарды гана эмес, мен сиздин Кыргызстандын кызыкчылыгына күйүп, жардам берип жатканыңызды билем. Мен иштеп эле тим болбостон, Ысык-Көлдү көрүп кетүүңүздү каалайм”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Валентина Матвиенко акыркы жолу Кыргызстанда 2014-жылы болгонун билдирди.

“Убакыт өтө тез учат. Мен ал кездеги жылуу жана жагымдуу сапарды ушуга чейин эстейм. Биздин бул сапарыбыз Жогорку Кеңештин төрагасынын чакыруусу менен ишке ашты. Мен Парламент Ассамблеясынын төрайымы катары жана Кыргызстандын парламенти бешинчи ирет КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык маданий-билим берүүчү “Шериктештиктин балдары” форумун өткөрүп жатканына кубанычтамын. Сиздердин колдооңуздарга ыраазычылык билдиргим келет. КМШ өлкөлөрүнүн балдары жана мугалимдери мындай форумга чогулганы өтө маанилүү. Биз мындай гуманитардык мейкиндикти чогултканыбыз маанилүү”,-деди Матвиенко.

Матвиенко КМШнын балдары өздөрүнүн муундарындай дос болушун каалайт элем деп билдирди.

Эскерте кетсек, “Шериктештиктин балдары” форуму 3-6-июлга чейин Ысык-Көлдө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий