• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев Россияда жашаган мекендештер менен жолугушту

Президент 0


Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 21-июнда Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Россияда жашаган мекендештер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Суроо-жооп форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы мигранттардын өлкөдө өткөрүлүп жаткан турмуштун түрдүү чөйрөсүндөгү реформаларга, анын ичинде билим берүүдө, Куралдуу күчтөрдө, транспорттук инфраструктураны жана энергетиканы өнүктүрүүгө тиешелүү суроолоруна жооп берди. Россияда жашап жана иштеп жүргөн кыргызстандыктарды колдоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги аспектилери тууралуу өз пикирин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын жетекчилери менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Россиядагы эмгек мигранттарынын жумуш шарттарын мындан ары жакшыртуу боюнча чараларга өзгөчө көңүл бурулганын баса белгиледи.

Жолугушууга катышкандардын суроолоруна жооп берип, Мамлекет башчысы мигранттарга медициналык жардам көрсөтүүгө, Россиянын аймагында айдоочулук күбөлүктөрдүн таанылышы боюнча маселелерди чечүүгө көмөктөшүүгө атайын токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан өз тарыхындагы эң татаал мезгилдердин бирин баштан кечирүү менен, туруктуу өнүгүүнүн өз жолун тапкандыгын баса белгиледи. Алдыдагы Президентти шайлоону таза, адилеттүү өткөрүүнү камсыз кылууга, өлкөдө мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылууга өзгөчө басым жасалды.

Пикир

Оставить комментарий