• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев Россияга мамлекеттик иш сапары менен барат

Президент 0

Бишкек, 16-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 19-24-июнда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин Россия Федерациясына болгон мамлекеттик сапары башталат. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева билдирди.

Анын айтымында, сапар эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгына арналган. Субакожоева мамлекеттик сапар кыргыз-орус алакасынын мындан аркы өнүгүшүн бекемдөөдө маанилүү экендигин билдирди.

“Көптөгөн даярдыктар көрүлдү. Сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путин жана өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушуусу күтүлүүдө”,- деди Субакожоева.

Ошондой эле, президент Россиянын илимий өкүлдөрү жана ал жакта жашаган мекендештер менен жолугат.

Мындан тышкары, Субакожоева сапардын эң негизги бөлүгү Россияда Кыргызстандын маданият күндөрүнүн ачылышы экендигин кошумчалады. 20-июнда Кремлдин чоң залында Кыргызстандын таланттары концерттик программа тартуулайт.

“Миграция, саламаттык сактоо, каржы жана статистика тармагында бир катар документтерге кол коюлат. Россия менен Кыргызстандын ортосундагы биримдикти жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясы маанилүү саясий документ болуп саналат. Мында көп тараптуу эки жактуу кызматташуулар чагылдырылган”- деди А.Субакожоева.

Пикир

Оставить комментарий