• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев Дмитрий Медведев менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-июнда, Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу тосуп алды. “Сиздер Россиянын Президенти менен буга чейин жолугуштуңуздар. Билем, ал жолугушуулар Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда көп кырдуу кызматташууну толук мүнөздөгөн көп пландуу болду. Бул кызматташуу ар бир өлкөдө боло келген экономикалык кыйынчылыктарга карабастан өнүгүп жатат. Өлкөлөр ортосундагы байланыштар чыңдалып, эки мамлекеттин тең экономикасы өнүгүп баратат”,-деди Дмитрий Медведев.

Россиянын Өкмөт башчысы азыр эки тараптуу негизде жана Евразиялык экономикалык бирликтин алкагында биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлорду белгиледи. “Сиздин сапарыңыз эки тараптуу кызматташуунун жана элдерибиздин достук байланыштарын чыңдоого кызмат кылат деп ишенем”,- деди Дмитрий Медведев.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев жолугушууга жана кызматташуунун учурдагы маселелерин талкуулап, келечектин пландарын белгилеп алуу мүмкүнчүлүгүнө абдан кубанычта экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелер азыр таптакыр башка – бийик деңгээлде экендигин канааттануу менен баса белгиледи. “Биз өлкөлөр ортосундагы мамилелерди жакшы деңгээлге – боордоштук, достук, эң негизгиси стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине көтөрө алдык”,- деп Алмазбек Атамбаев меймандостук менен жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россия кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мындан ары өз ара аракеттенишүүнүн келечеги талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий