• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Атамбаев Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысын кабыл алды

Президент 0

БИШКЕК, 23.08.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-августта, өлкөбүзгө жумушчу сапар менен келген Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосунда аскердик-техникалык кызматташуу чөйрөсүндө мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенишүүнүн түйүндүү аспектилери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев ошондой эле аймактагы жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуунун актуалдуу маселелерин дагы талкуулашты.

Николай Патрушев өлкөбүзгө Кыргызстан менен Россиянын компетенттүү мамлекеттик органдарынын ортосунда пландаштырылган жумушчу консультацияларга катышуу үчүн келген.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров дагы катышты.

Пикир

Оставить комментарий