• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев Россиянын окумуштуу-тарыхчылары менен Алтай цивилизациясы долбоорун алдыга жылдырууну талкуулады

Президент 0


Бишкек, 25-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденциясында “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” эл аралык форумуна катышкан М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка өлкөлөрү институтунун директорунун орун басары Жибек Сыздыкованы, Алтай мамлекеттик университетинин профессору Юлия Лысенкону жана филология илимдеринин доктору, Россия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Анна Дыбону кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы окумуштуу-тарыхчыларды Кыргызстанга келип, Эл аралык форумдун ишине активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Окумуштуу-тарыхчылар форумду өткөрүлүшү боюнча дагы, жалпы эле Алтай цивилизациясын изилдөө идеясы туурасында дагы таасирлери менен бөлүшүп, анын актуалдуулугун жана Евразия аймагындагы маанилүү бириктирүүчү ролун баса белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев менен окумуштуу-тарыхчылар Алтай цивилизациясы долбоорун мындан ары алдыга жылдыруу боюнча пландарды талкуулашты.

Мамлекет башчысы кыргыз элинин тарыхынын кыйла бөлүгү Алтайдын аймагында өткөндүгүн, ошондой эле алтай тектүү элдердин тили жана маданияты окшоштугун эске алуу менен, жалпы алтай тектүү элдердин биримдик идеясын терең изилдөөнүн жана жайылтуунун өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий