• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-июнда, Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун алдында кол кысышып учурашуу жана сүрөткө түшүү, эки өлкөнүн делегацияларынын таанышуу аземи өткөрүлдү. Эки өлкөнүн гимни ойнолду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевди Москвада жылуу кабыл алды. “Москвада сизди чын жүрөктөн тосуп алууга уруксат этиңиз. Кечэ биз беймарал жагдайда мамилелерибиздин бардык комплекси боюнча, аймактык маселелер, айрым эл аралык проблемалар туурасында бейформал сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Акыркы кезде эмнелерди аткардык, айтмакчы, көп иштер жасалды. Алдыда дагы кандай милдеттерди аткарышыбыз керек, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинде көп тараптуу форматта эмне иштерди жасашыбыз керек. Аймактагы биздин маселелерибиз туурасында да. Мына ошолор туурасында бүгүн бизде тар чөйрөдө, кеңейтилген курамда дагы эки тараптуу мамилени кандайча түзүп жаткандыгыбызды предметтүү сүйлөшүп алууга мүмкүнчүлүк болгонуна мен абдан кубанычтамын”, -деди Владимир Путин.

“Биз абдан жакын союздашпыз, жакын, ишенимдүү достордонбуз. Россия дагы, Кыргызстан дагы кандай кыйынчылыктар аркылуу өткөндүгүн жакшы билебиз. Туруксуздук мезгили артта калды. Алмазбек Шаршеновичтин аракетинин аркасы менен кырдаал турукташып гана калбастан, менимче жакшы өнүгүүнү карай багыт алып, кайра артка кайткыс болуп калды. Сиз президенттик кылган жылдары Сиз түптөгөн бардык иштер улантылат, биз ошол жол менен - эки тараптуу байланыштарды чыңдоо жолу менен алдыга барабыз деп ишенем”, -деди Владимир Путин.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев жылуу жана меймандос кабыл алгандыгы үчүн, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алгачкы жыйынтыктарды чыгарууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Бир нече айдан кийин Кыргызстандын жаңы Президентин шайлоо өтөөрүн белгилеп келип, Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын лидерин өлкө өтө оор изденүүлөрдүн жыйынтыгында тапкан жолунан тайбастыгына ишендирди. “Өз ишимдин алдын ала жыйынтыктарын чыгарып келип, эң башкы жетишкендигибиздин бири – Россия менен мамилени туура нукта жүргүзгөнүбүз деп эсептейм. Стратегиялык мамилелердин, достуктун жана боордоштуктун нугунда”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы россиялык тарапка зор колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. “Мен бул колдоону дайыма сезип келдим. Чыныгы боордоштук колдоону сездим. Бул, албетте, кыйынчылыктарды, көйгөйлөрдү жеңип чыгууга жардам берип келди”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Кыргызстанда Россия менен мамилелерди өнүктүрүүгө умтулуу бар экендигин баса белгиледи. “Өлкөдө туруктуулук болуш керек, өлкө өнүгүш керек. Саясый оюндарды азыраак ойноп, экономиканы өнүктүрүүгө көп көңүл буруу зарыл”,- деп Алмазбек Атамбаев чакыруусу үчүн, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий