• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев өрттөн көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Португалиянын Президентине көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Португалиянын борбордук бөлүгүндөгү токойлордогу өрттүн кесепетинен улам көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Португалия Республикасынын Президенти Марселу Ребелу ди Созага көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

“Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтуумду, жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендердин баары тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”,- деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий