• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев Рустам Минниханов менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 24-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 23-июнда, Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов менен жолугушту.

Жолугушуунун алдында чогуу сүрөткө түшүү аземи өткөрүлдү, аны улап тар курамда сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Андан соң кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Татарстан Республиканын Президенти Рустам Минниханов Президент Алмазбек Атамбаевди сапары боордош эки элдин тарыхындагы чоң окуя экендигин белгиледи.

“Москвада Сиз Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүңүз. Союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо жөнүндө Декларацияга, ошондой эле бир катар маанилүү документтерге кол коюлду. Быйыл Россия менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелерге жана Россия менен Кыргызстан ортосунда достук жана кызматташтык жөнүндө Келишимге 25 жыл толду. Бүгүнкү күндө бул байланыштар жаңы деңгээлге чыкты”,- деди Рустам Минниханов.

Анын сөзү боюнча тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланбай жатышат.

“Татарстан – өнөр жайы өнүккөн аймактардын бири. Экономикабыздын негизи – нефти өндүрүү. Ошол эле учурда биз Россияда айыл чарба азыктарын өндүрүү боюнча үчүнчү орунду ээлейбиз. Акыркы жылдары инновациялык технологияларды өнүктүрүүгө көңүл бөлө баштадык”,-деп Татарстандын Башчысы маданий-гуманитардык чөйрөдө, туризмди жана спортту өнүктүрүү боюнча кызматташууну тереңдетүү зарылчылыгын кошумчалады.

“Элдерибизди жакындаштурууда кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов чоң роль ойнойт. Сиз менен залкар жазуучунун чыгармачылыгына арналган эл аралык конференция өткөрүү туурасында сөз кылдык эле. Бул иш чара байланыштарыбызды чыңдоого жана эки өлкөнүн жазуучуларын жакындаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Ошону менен бирге биз “Алтай цивилизациясы жана алтай тилдүү боордош элдер” эл аралык форумуна катышаарыбызды билдиребиз.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Президент болуп тургандагы эң башкы жетишкендиги – Россия менен бир туугандык жана достук мамилелерди түзүү болгондугун белгиледи.

“Кыргызстан маданиятынын күндөрү Россиянын шаарларында өтүп жаткандыгына биз абдан ыраазыбыз. Ушул сыяктуу эле Татар маданиятынын күндөрүн Бишкекте өткөрөсүздөр деп күтөбүз”,-деди Мамлекет башчысы.

Экономикадагы кызматташуу туурасында айтып келип, Алмазбек Атамбаев эки тараптуу кызматташууну активдештирүүнүн жолдорун чогуу издөөгө ишенимин билдирди.

“Биздин байма-бай жолугушууларыбыз экономиканын өнүгүшүнө түрткү берүүгө тийиш. Албетте, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу керек. Мына биз Бишкектен Казанга түз авиакаттамды ишке киргиздик. Бирок сиздердин авиакомпаниялар дагы Казандан Ысык-Көлгө түз каттамдарды киргизиши керек. Ошондо биргелешип туризмди өнүктүрүүгө шарт түзүлөт”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Ошону менен катар Мамлекет башчысы Рустам Миннихановго “Таза коом” программасын ишке ашыруу үчүн IT-адистерди даярдоого көмөктөшүп, ошондой эле тоо илбирсин жана ал жашаган чөйрөнү сактап калуу боюнча долбоорго катышууга чакырды.

Президент Алмазбек Атамбаев бул жолку сапар эки тараптуу мамилелерге дем берээрине ишенимин айтып, боордош өлкөнүн ийгиликтерине чындап кубанып жаткандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий