• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев саясатчыларга басым жасабай, демократиянын принциптерин кармана турганын көрсөттү - Жекшеев

Саясат 0

Бишкек, 26-июль /Мирлан Киизбаев - Кабар/. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Бабановду колдобойт, ал саясатчыларга басым койбойт, ал демократиянын принциптерин кармана турганын көрсөттү. Алмазбек Атамбаевдин акыркы жайкы маалымат жыйынындагы билдирүүсүн коомдук ишмер Жыпар Жекшеев ушундай түшүндүрөт.

“Президенттин Бабанов тууралуу мындай дегени ал саясатчыларга басым жасабаганын билдирет. Жада калса, КСДПнын Сооронбай Жээнбековду көрсөткөнү да ал президент болот дегенге жатпайт. Ал демократиялык принциптерди карманарын, кимиси болсо да президент болушу мүмкүн экенин көрсөттү. Президент ким болорун эл чечерин билдирди. Ал муну Бабановду колдоо эмес, ушундай мааниде айтты. Муну так түшүнүү керек”, - деди Жекшеев.

Ал ар ким ар кандай кабыл алган президенттин өзгөчө ак ниеттүүлүгүн белгиледи.

“Туура ой жүгүрткөн саясатчылар Атамбаевдин кээде эмоциялуу, бирде эл уккусу келгенден башка кызуу пикирлерин айтып кое турганын эбак эле түшүнүүлөрү керек. Бирок бул Кыргызстандын жаңы тарыхында адамдык чынчылдыгы менен айырмаланган жалгыз саясатчы. Ал башкача бир нерсени айтып, кээде аша чаап коюушу мүмкүн, бирок саясатчылардын арасынан мен андан чынчыл, ак ниетин көрө элекмин”, - деп белгиледи Жекшеев.

Коомдук ишмер Атамбаев буга чейин учурдагы премьер-министрдин талапкерлигин тандай турганын билдиргенин белгиледи.

“Ал Сооронбай Жээнбековду колдойт. Атамбаев президенттик кызматтагы жылдары абдан акылман саясатчы катары калыптанды. Ал президент болгонго чейинкисинен кыйла жогору көтөрүлдү”, - деп жыйынтыктады Ж.Жекшеев.

Алмазбек Атамбаев жайкы маалымат жыйында суроолорго жооп берүүдө КСПДнын талапкери болбогондо, Өмүрбек Бабановду колдомок экенин билдирген.

“Эгерде КСДПнын талапкери болбосо, Бабановду колдомокмун. Бул үгүт эмес, менин пикирим. КСДП өз талапкерин көрсөттү жана мен Жээнбековду Бабановдон жогору көрөм",- деп мойнуна алды президент.

Пикир

Оставить комментарий