• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Атамбаев: Шайлоо таза жана демократиялуу жол менен өтөт

Президент 0

Бишкек, 12.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-октябрда Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустун активи жана коомчулугу менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Салттуу «суроо-жооп» форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы жарандардын автожолдордун, мектептердин, ооруканалардын жана башка социалдык обьектилердин курулушуна жана башка маселелерге тиешелүү суроолоруна жооп берди.

Президент Алмазбек Атамбаев президенттик мезгили жөнөкөй болбогондугун белгилеп, дайыма колдоо көрсөткөндүгү үчүн таластыктарга ыраазычылык билдирди.

Алдыдагы президенттик шайлоолор тууралуу сөз кылып келип, Президент Алмазбек Атамбаев шайлоолор таза жана демократиялуу жол менен өткөрүлүп, жарандардын добушун толугу менен ачык эсептөө камсыз болоорун баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий