• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев: ШКУ кеңейиши менен жаңы саясий жана экономикалык шарттар иштеп баштайт

Саясат 0

Астана, 9-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/.Кыргызстан Индия менен Пакистандын ШКУга кирүүсүн толугу менен колдойт. ШКУнун кеңейиши менен жаңы саясий жана экономикалык шарттар иштеп баштайт”,- деп билдирди А. Атамбаев Астанадагы ШКУ саммитинде.

Өлкө башчысы Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен Пакистандын премьер-министри Наваз Шарифди бул маанилүү окуя менен куттуктап жатканына кубанычта экендигин белгиледи.

"Бүгүнкү саммит ШКУнун өнүгүшүнүн жаңы барактарын ачат. Биз Индия менен Пакистандын уюмга толук кандуу мүчө болуулары боюнча даярдалган документтерди кабыл алуунун аягына чыктык. Кыргызстан бул иш чараны толугу менен колдойт. ШКУнун кеңейиши менен биздин мамлекеттер жаңы саясий-экономикалык кырдаалда иштеп баштайт”,- деп кошумчалады президент.

Пикир

Оставить комментарий