• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев Швейцариянын финансы министри Ули Маурерди кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 10-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-июлда, Швейцария Конфедерациясынын Федералдык кеңешчиси, финансы министри Ули Маурерди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташуу маселелери талкууланды. Ырааттуулук менен өнүгүп келе жаткан кыргыз-швейцариялык диалогду улантуунун мааниси белгиленди.

Швейцариянын финансы министри Ули Маурер Кыргызстан тууралуу жакшы таасирлери менен бөлүштү, эки өлкөнүн окшоштуктарын белгилеп, эки тараптуу кызматташууну активдештирүүнү колдоорун айтып өттү.

Мындан тышкары жолугушууда Кыргызстандын Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду менен кызматташуусундагы өлкөнүн бюджетин колдоого бөлүнгөн каражаттарга тиешелүү көйгөйлүү маселелерге дагы токтолушту. Тактап айтканда Жогорку Кеңеште данга КНС киргизүү тууралуу мыйзамды кароо жана кабыл алуу боюнча маселенин создугуп жатышына байланыштуу бушаймандык билдирилди.

Президент Алмазбек Атамбаев швейцария тарапка демократияны өнүктүрүүгө, өзгөчө шайлоо процессин өркүндөтүүгө багытталган түрдүү чөйрөдөгү реформаларды колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы колдоонун аркасы менен Кыргызстан 2015-жылы биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен таза жана ачык-айкын парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө жетишкендигин жана өлкөбүзгө алдыда келе жаткан президенттик шайлоолордо ишеним тартуулап жаткандыгын белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий