• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Атамбаев Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолдун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 22.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 21-ноябрда Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолдун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Мамлекет башчысына Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолдун курулуш долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Андан соң Президент Алмазбек Атамбаев альтернативдик автожолдогу эки эстакада көпүрөсүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Эки эстакадалык көпүрөнүн жалпы узундугу 1472 метрди түзөт.

Мамлекет башчысы Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолдун курулуш долбоорун ишке ашырууну тездетүү боюнча тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий