• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев Түркмөнстандын Президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. 2017-жылдын 24-июлунда түркмөн тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө аймактын жана көп тараптуу эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу кызматташуунун жана өз ара аракеттенишүүнүн маселелери талкууланды. Эки тараптуу байланыштарды бардык багыттар боюнча өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендиги белгиленди.

Андан тышкары дүйнөлүк экономика жана саясаттын өнүгүшүнө тиешелүү бир катар актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий