• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев: Талас жергеси таланттарга бай

Президент 0

Бишкек, 11.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-октябрда, Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы чогулгандардын алдында чыгып сүйлөп, шаардыктарды бул кубанычтуу окуя менен куттуктады. 2014-жылы облуска иш сапар менен каттаганда жашоочулар курулушу бүткөрүлбөй жаткан театрдын маселесин көтөргөндүгүн эске салды. “Мен үчүн бул маселени чечүү абдан маанилүү эле. Талас жергеси таланттарга бай. Мен Премьер-министр болуп турганда Бишкекте эки эстелик орнотуу демилгеси менен чыккам. Бири - борбордук “Ала-Тоо” аянтына Манастын эстелиги, экинчиси - улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовго эстелик. Бул Талас үчүн зор сыймык”, -деди Алмазбек Атамбаев.

“Талас жергесинде өнөрлүү көп адамдар чыккан. Байдылда Сарногоев, Сүйүнбай Эралиев өңдүү таланттар төрөлгөн... Мен бул театрды карап туруп, Талас Кыргызстанга Чыңгыз Айтматов сыяктуу жаңы таланттарды тартуулайт деп ойлоп турам”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент сөзүн улап, оор сыноолордун алдында Манас атабызды эстеп, куран окуйм деди. 2000-жылы дагы, 2011-жылы президенттик шайлоодо дагы, башка маанилүү учурларда дагы ошондой болгон. “Манас ар дайым менин жүрөгүмдө. Алты жылдын аралыгында мени элим, анын ичинде таластыктар дагы колдоп келди. Албетте, мени дайыма Манас атабыз дагы колдоп жатты. Манастын эстелиги Москвада, Стамбулда коюлган. Келерки жылы Алтайда Кыргыз каганатына арналган тарыхый музей ачылат. Кыргыздар – байыркы эл, анын күчү дайыма биримдикте болгон. Муну эстен чыгарууга болбойт”, -деди ал.

Өлкөнүн башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн айрымдар реванш алып, эски заманга кайра кайтууну каалашаарын белгиледи. “Бирок 7-апрелде Таластын шумкардай болгон 9 жигити эски тартип кайра кайтып келбесин деп өз өмүрүн бергенин эстен чыгарбагыла. Балким, 6-апрелде Таластагы окуялар болбосо, 7-апрель окуялары дагы болмок эмес. Ошону үчүн Талас элине рахмат”, -деди ал.

Президент Кыргызстан эл тандап алган жолдон чыкпаш керектигин баса белгилеп, кыргызстандыктарды жаркын келечек күтүп тургандыгын кошумчалады.

Президент Алмазбек Атамбаев сөзүн аяктап, Талас музыкалык драма театрынын кызматкерлерине финансылык жардам иретинде 1 млн сомго сертификат тапшырып, театрды кыдырып көрүп чыкты.

Маалымат үчүн: Курулуш иштерине каржылоо жетишсиздигине байланыштуу драма театрынын курулушу создуктурулуп келген. Театрдын курулушу толук аяктоо үчүн Президент Алмазбек Атамбаевдин чечими менен президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 45 млн сом менен бөлүнгөн.

Театрдын имараты жана техникалык жабдуусу бүгүнкү күндө өлкөдөгү эң мыктылардын бири. Техникалык жабдуулар Түштүк Кореядан, эмеректер Россия Федерациясынан алынып келинген. Көрүүчүлөр залы 500 орунга эсептелген.

Пикир

Оставить комментарий