• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев Ташкент шаарындагы «Көз карандысыздык жана гуманизм» монументине гүл койду

Саясат 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-октябрда, Өзбекстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкен шаарындагы «Көз карандысыздык жана гуманизм» монументине гүл койду.

Мурдараак, аэропорттон Мамлекет башчысын Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Ташкен шаарынын мэри Рахмонбек Усманов жана Кыргызстандагы Өзбекстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Комил Рашидов тосуп алышты. Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын лидерлеринин тар жана кеңири курамда кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрү өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий