• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев телефондук сүйлөшүүдө Владимир Путинди 65 жылдык мааракеси менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 07.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-октябрда, телефондук сүйлөшүүдө Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди 65 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Алмазбек Атамбаев Президент Путиндин көрөгөчтүгүнүн жана чечкиндүүлүгүнүн аркасында Россия туруктуу өнүгүү жолу менен ишенимдүү кадам шилтеп, кайрадан дүйнөдөгү улуу державалардын арасынан татыктуу орун ээледи, муну Россиянын достору дагы, дос эместери дагы таанып жатышат деп белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен түзүлгөн өз ара түшүнүшүү жана ишенимдин бийик деңгээлин өзгөчө бааларын баса белгиледи. Мамлекет башчысы биргелешип иштеген жылдардын аралыгында кыргыз-россиялык стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдөгү жана чыңдоодогу олуттуу жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүн болгондугун канааттануу менен белгилеп, эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн союздаштык мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө жана алдыга жылдырууга ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путинге чың ден соолук, бакыт-таалай, жана жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалады

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-россиялык мамилелердин актуалдуу маселелерин дагы талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий