• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев «Time» журналына интервью берди

Президент 0

Бишкек, 23.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 22-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына жасаган иш сапарынын алкагында «Time» журналынын баяндамачысы, саясат таануучу, «Eurasia Group» изилдөө борборунун президенти Иэн Бреммерге интервью берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргызстандын тышкы саясый багытын ишке ашыруудагы жана стратегиялык өнөктөштөр менен мамилелерди өнүктүрүүдөгү негизги приоритеттер туурасында айтып берди. Ошондой эле Президент «Time» журналынын баяндамачысынын диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөштө көрүлүп жаткан чаралар, Кыргызстанда демократияны мындан ары бекемдөө жана АКШ менен мамилелерди чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө суроолоруна жооп берди.

Калтырып жаткан мурасы тууралуу суроого жооп берип жатып Президент Алмазбек Атамбаев президенттик кылган жылдары эркин адамдардын өлкөсүнүн фундаментин түптөөгө умтулгандыгын баса белгиледи. «Биз өлкөдө тынчтыкка, ынтымакташтыкка жана туруктуулукка жетиштик. Ушул жылдары адамдарда келечекке ишенимин ойгото алдык. Адамдар башкача болуп өзгөрдү, биз аларга миң жылдык тарыхыбызды эске салып, адамдардын улуттук аң-сезими ойгонду. Адамдар өлкөнүн тагдырын өздөрү чечиш керек экендигин түшүндү. Аны үчүн биз жыйынтыкты будамайлоого жол бербеген биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен таза шайлоолорду өткөрдүк. Атка минерлер, бийлик коомдук пикирди урматтап, андан чоочулап калышына жетиштик. Бизде коомдун пикири салмактуу болуп калды. Бул менин кыялым эле, бийлик адамдардын пикири менен эсептешип, адамдардын пикирин урматтап, адамдардын пикиринен корккудай болуш керек. Ушул жылдары мен эркин адамдардын өлкөсүн курушубуз керек деп айтып келгем,-деди Алмазбек Атамбаев. – Мындай коом менен биз демократия жолунан тайбайбыз деп ишенем».

Пикир

Оставить комментарий