• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев ТИМге бир катар тапшырмаларды берди

Президент 0


Бишкек, 4-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-июлда өлкөбүздүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн тышкы саясаттагы багыттарын ишке ашыруу боюнча Тышкы иштер министрлигинин учурдагы ишмердиги туурасында маалымат берилди.

Эрлан Абдылдаев ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевдин Россияга, анын ичинде өлкөнүн субьекти болгон Башкырстан жана Татарстанга барууну камтуу менен жасалган мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пландары туурасында дагы маалымдады.

Андан тышкары ТИМдин жетекчиси Президенттин Аппараты менен биргелешип болжолдонгон, Европанын жана Азиянын бир катар өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүп жаткан “Алтай цивилизациясы жана алтай тил бүлөсүндөгү тектеш элдер” эл аралык форумун өткөрүү маселелерине дагы токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министрлигине өлкөнүн тышкы саясатынын приоритеттүү багыттарын өнүктүрүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий