• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев Токмок шаарында милиционерлерге жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Президент 0

Бишкек, 26.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-сентябрда, Токмок шаарында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйдүн ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы милиционерлерди жаңы конушу менен куттуктап, тартип сакчылары менен ушул күндүн кубанычын тең бөлүшүүгө курсант экендигин белгиледи.

Президенттин айтымында өлкөдө 7 жылдын аралыгында милицияга, күч түзүмдөрүнө карата мамиле түп тамырынан бери өзгөрдү Өлкөдө аскер кызматкерлери, милиционерлер, чек арачылар, куткаруучулар үчүн үйлөр курулду жана азыр дагы курулуп жатат. Тартип сакчылары үчүн кыйын мезгилди - жарыбаган айлык алган, ал тургай формасынан уялган, мамлекет тарабынан тиешелүү көңүл бурулбаган учурду эске салды. Ушул жылдардын аралыгында Президент белгилегендей, милиционерлердин айлык акысын жогорулатууга, турак жай куруп, аларга социалдык колдоо көрсөтүүнүн башка маселелерин чечүүгө мүмкүн болду.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет милиционерлер тууралуу мындан ары дагы камкордук көрүүгө тийиш экендигин баса белгилеп, өлкөнүн кийинки жетекчилиги укук коргоо органдарынын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу боюнча бул масштабдуу ишти улантат деген ишенимин билдирди.

Президент өз сөзүндө ошондой эле Кыргызстан мамлекеттик акчаларды олигархтарга жумшагыдай олигархтардын мамлекети эмес, карапайым адамдар тууралуу кам көргөн өлкө экендигин баса белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан адамдар өз тагдырын өзү чечип, өз жолун өзү тандаган эгемендүү мамлекет экендигин белгиледи. Мамлекет башчысы жаңы үйдүн короосунда балдар аянтчасын курууга сертификат тапшырды.

Маалымдама: Акыркы эки жылда аскер жана милиция кызматкерлери үчүн 1852 батирлүү 59 обьект курулган. Учурда 1741 батирлүү 40 обьекттин курулушу жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий