• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев Токмок шаарындагы №6-мектептин абалы менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 26.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-сентябрда иш сапарынын жүрүшүндө Токмок шаарындагы №6-мектептин абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мурда Мамлекет башчысы бул мектепти чатырын жабуудагы көйгөйгө байланыштуу капиталдык ремонт кылуучу мектептердин тизмесине биринчи кезекте киргизүү тууралуу тапшырма берген.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымдагандай, Токмок шаарындагы № 6-мектептин абалын изилденгенден кийин ал республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» статьясы менен каржыланчу курулуш обьектилеринин тизмесине киргизилген. Өкмөт тарабынан обьектти өз учурунда каржылоо жана тендер өткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилген. Бирок тендер жакынкы күндөрү өткөрүлөт.

Президент Алмазбек Атамбаев мектептин имаратын көрүп, окуу кабинеттерин, спорт залына кыдырып чыкты.

Мектептин авариялык абалын эске алуу менен, Мамлекет башчысы ремонттук иштерди баштоодо мынчалык создуктурууга жол берүүгө болбостугун баса белгиледи. Президенттин пикири боюнча мектептин ремонтун окуу жылынын башталышына чейин созууга мамлекеттик органдардын обьективдүү себептери жок болчу.

Мамлекет башчысы Токмок шаарындагы №6-мектепти капиталдык ремонтун баштоого шашылыш киришиш үчүн бардык жол-жоболорду тез арада аяктоого жана тиешелүү бардык жумуштарды жылдын акырына чейин бүткөрүүгө тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий