• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 31-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-майда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда министр Мамлекет башчысына өлкөнүн тышкы саясый багыттарынын приоритеттерин өнүктүрүү, жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди аткаруу иштери, ошондой эле кыргызстандыктардын чет жердеги укуктары менен таламдарын коргоо маселелери боюнча мекеменин ишмердиги тууралу маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев чет жердик өнөктөр менен ар башка тармактарда өз ара пайдалуу жана конструктивдүү байланыштарды бир калыпта өнүктүрүү үчүн андан ары натыйжалуу тышкы саясатты жүргүзүүнүн маанисин белгиледи.

Мамлекет башчысы Тышкы иштер министрлигине өлкөнүн тышкы саясый багытын ишке ашыруунун негизги багыттары боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий