• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев чекисттерге жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды

Президент 0


Бишкек, 25-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-майда өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине Бишкекте курулган көп батирлүү турак үйдүн ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы чекисттерди жаңы конушу менен куттуктап, бүгүн алар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн чыныгы майрам экенин белгиледи. «Албетте, бул мен үчүн да майрам, анткени, башта кандай кыйын болгону эсимде. Биздин күч кызматтары үчүн турак үй кура баштарыбызга көп адамдар ишенген эмес, - деди Алмазбек Атамбаев. – Бүгүн болсо күч кызматкерлерине көп батирлүү үйлөрдү куруу кадыресе көрүнүшкө айланды, бул иш системалуу мүнөзгө ээ болду жана өлкө улам өнүккөн сайын күчөө үстүндө болот».

Президент Алмазбек Атамбаев УКМК кызматкерлерине кызматы үчүн ыраазылыгын билдирип, алардын ак ниет ишине жараша атайын кызматтардын беделин арттыруу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылган түзүмдөрдү калыптандыруу мүмкүн болгонун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий