• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев VI Санкт Петербург эл аралык маданий форумунун ачылышына катышты

Президент 0

Бишкек, 18.11.17 /Кабар/. КРнын президенти Алмазбек Атамбаев 17-ноябрда Санкт-Петербург шаарына жумушчу сапарынын алкагында Ардактуу конок катары VI Санкт Петербург эл аралык маданий форумунун Гала-ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Россиянын президенти Владимир Путин форумдун ачылышында: "Алтынчы ирээт дуйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн чыгармачыл ишмерлери Санкт-Петербургда искусство, билим берүү, тарыхый жана маданий мурастарды сактоо маселелерин талкуулап, идеялары менен бөлүшүү, гуманитардык кызматташуунун жаңы багыттарын аныктоо үчүн чогулуп отурушат"-,деп кайрылды.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербургдагы VI эл аралык маданий форумдун ачылыш аземине Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен катышты.

Пикир

Оставить комментарий