• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев Владимир Путин менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 17.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-ноябрда, Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Россиянын Президенти Владимир Путиндин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алып, Кыргызстандын Мамлекет башчысынын алгачкы сапары дагы, акыркы сапары дагы Россияга жасалгандыгынын белгилүү бир символу бар экендигин белгиледи.

“Сиздин Кыргызстандын Президенти кызматында иштеген мезгилде өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин сапаты олуттуу өзгөргөндүгүн белгилөө мен үчүн абдан жагымдуу. Сиздин республика Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болду. Экономика, коопсуздук чөйрөлөрүндө эки тараптуу планда мамилелерибизди кыйла илгерилеттик, тышкы чек араларыбызды чыңдаганыбызды, ошондой эле гуманитардык чөйрөдө кызматташууну айтып жатам”, -деп Президент Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевдин Санкт-Петербурга жасаган сапарына абдан кубанычта экендигин белгиледи.

“Чакырууну кабыл алып, маданий форумга келгендигиңиз мага өзгөчө жагымдуу. Бул абдан масштабдуу, абдан кызыктуу иш чара экендигин көрөсүз. Ал Россиянын маданий борбору Санкт-Петербургда алтынчы жолу өткөрүлүп жатат”, -деди Президент Владимир Путин.

Россиянын Президенти Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевди гуманитардык кызматташууну тереңдетебиз жана Алтай цивилизациясын мындан ары изилдөөгө багытталган демилгени колдойбуз деп ишендирди.

“ Көп жылдар бою, балким кылымдар бою элдерибиздин ортосунда калыптанган байланыштарды бекемдөө, өнүктүрүү багытында сизде көп идеялар бар экендигин билем. Бул тармакта сиздин демилгелериңиз жакшы, аларды биз колдогонбуз, келечекте дагы колдой беребиз деген ниеттебиз. Элдерибиздин ортосунда мамилелердин тамыры терең экендигин баса белгилөө абдан маанилүү деп эсептейм. Биз бул туурасында сүйлөшкөнбүз. Алгачкы чоң иш чараны сиздер Кыргызстанда өткөрдүңүздөр. Биз Россияда да аянтча тартуулаганга даярбыз”,- деп баса белгиледи Президент Владимир Путин.

Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде көп кылымдык тарыхый байланышы бар өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү деңгээлине канааттангандыгын белгиледи.

“Быйыл биз Алтай форумун өткөрдүк, ага 30га жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Ал тургай Кыргызстанда Дүйнөлүк Алтай конгрессин өткөрөлү деп макулдаштык. Биз тарыхыбызды билишибиз керек. Анткени басып өткөн жолун билбеген эл келечекке жол таба албайт. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда калыптанган деңгээл кылымдарга, түбөлүккө сакталып калышын каалайм. Мунун баарын талкалап, бычыратып, башка тарапка алып кетүү аракеттери болгондугун сиз жакшы билесиз. Бул жагынан алганда акыркы алты жыл мен үчүн абдан татаал болду. Мына ушул биз калыбына келтирген боордоштук мамилелер мындан ары дагы жалаң бекемделиши үчүн мен, албетте, чындап күйөм”, -деди Президент.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле кыргыз-россиялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана мындан ары өз ара аракеттенишүүнүн келечегин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий