• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев өзүнүн маалымат жыйынында чынчыл жана чын жүрөктөн чыккан жоопторду берди - Осмоналиев

Саясат 0

Бишкек, 20.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жыйынтыктоочу маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна чынчыл жана чын жүрөктөн чыккан жоопторду берди. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине эксперт Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, ак ниеттүүлүк мамлекет башчынын акыркы маалымат жыйынынын өзөгү болду.

“Чындыгында артка кылчайып, биз бул азыр башка, көз карашы өзгөргөн өлкө экенин көрө алабыз. Бул өңүттөн алганда, Кыргызстан стратегиялык көз караш боюнча ишенимдүү бара жатат деп айта алабыз. Биз кетирилген кемчиликтерди эске алабыз. Жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн президенттиги учурунда Атамбаев тарабынан механизмдер түзүлгөн, алардын ичинде референдумдун жүрүшүндө киргизилгендер бар. Алар иштейт”, - деди ал.

Осмоналиев журналисттердин суроолору ар тараптуу болгонун билдирди.

“Президент өлкөдөгү жагдайды жакшы билери көрүндү. Ал резонанс жараткан көйгөйлүү маселелердин тамырын тарта билет. Атамбаев кырдаалга, ошол эле соцтармактарда дагы өзү байкоо салып турарын айтты. Президент журналисттер өз салымын кошуп жатышканын, ал эми аткаминерлер коомчулуктун пикирин угаарын белгиледи. Менимче, бул 6 жыл мурда Атамбаев алып келген команданын эмгеги”, -деп кошумчалады эксперт.

Пикир

Оставить комментарий