• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев Өзбекстандын Президентин 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 24-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

“Сизди өмүрүңүздөгү айрыкча маанилүү окуя – 60 жылдык мааракеңиз менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздин кесипкөйлүгүңүз жана жеке сапаттарыңыз Өзбекстан Республикасынын мындан ары адымдап алга өнүгүшүнө өбөлгө болот деп ишенем. Кыргызстанда өлкөлөрүбүздүн элдеринин ортосундагы достук мамилелердин чыңдалышына Сиздин кошуп жаткан олуттуу салымыңызды жогору баалашат”.

Президент Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кылымдарды карыткан тарыхка ээ, өз ара колдоо жана түшүнүшүү менен мүнөздөлгөн мамилелер мындан ары дагы өз ара пайдалуу кызматташуунун нугунда өнүгө берээрине бекем ишенимин билдирди.

Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзиёевко чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми Өзбекстан элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий