• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев Жээнбеков менен мамилеси тууралуу айтып берди

Саясат 0

Бишкек, 31.03.18. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн маалымат жыйында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен мамилеси тууралуу айтып берди.

“Сооронбай Шарипович менин эски досум, биз 23 жылдан бери тааныш, доспуз. Мен андан эки жашка улуумун. Кээде ага катары бир нерсе айта алам. Албетте менин ага жагымсыз сөздөрдү айтуума да туура келет. Сооронбай Шарипович мунун баарын укканы мени кубандырат, менимче ал тыянак чыгарганды билет”, - деди Атамбаев.

Мурдагы президент Жээнбековго кыйын жүк калганын белгиледи. Анткени Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирген соң, өлкөдө президенттик-парламенттик системадан парламенттик башкарууга өтүү башталды. “Бул ар бир президент кызматын өткөрүп берүү оор сыноо. Бул Жээнбековдун тарыхый миссиясы. 2021-жылга чейин парламенттик республикага өтүү аяктайт. Бул кыйын мезгил. Биздин милдетибиз ага жардам берүү”, - деп белгиледи ал.

“Мен жардам берүү керек деп эсептейм. Бирок мактап эмес, жагымсыз жана катуу сөздөрдү айтуу керек, анткени, тилекке каршы, мурдагы президенттер Акаев жана Бакиев менен эмне болгону эсимде. Кимге эмне, бирок жакын адамдарга жагымсыз сөздөрдү айтуу керек. Мен Сооронбай Шарипович мени тыңдаганы үчүн ыраазымын”, - деди ал.

Анын айтымында, акыркы жолу алар 4,5 сааттан ашык сүйлөшүшкөн.

“Менин акыркы 10-20 жылым бизде үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербөөгө, демократиянын болушуна жумшалды. Мен үчүн бул бүткүл өмүрүмдү арнаган ишим. Мен анын текке кетишин каалабайт элем”, - деди Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий