• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаевди кармоо учурунда бир да жай тургун жабыркаган эмес - Опумбаев

Коом 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Кой-Таш айылында 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда бир да жай тургун жабыркаган эмес. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Орозбек Опумбаев билдирди.

Ал маалымдагандай, бир да адам жабыркагандыгы тууралуу катталган эмес.

"Сегизбаевдин (Абдил Сегизбаев - УКМКнын мурдагы башчысы) бутуна атышты деп жүрөт. Аны эч ким аткан эмес, качып кетип жатканда бир жерге урунуп алып, көк ала болгон", - деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон.

Натыйжада УКМКнын "Альфа" түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековго ок тийип каза болуп, 40дан ашуун адам жабыркаган.

8-августта укук коргоо органдары тарабынан Атамбаев кармалып, 26-августка чейин камакка алынган.

Кой-Таштагы окуя боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий