• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаевдин абактагы мөөнөтү дагы узартылды

Коом 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

"Кабар" агенттигине Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, учурда соттук териштирүү жүрүп жаткандыктан сот Э. Каипов айыпталуучуну соттук териштирүүнүн мөөнөтү аяктагыча камакта калтырды. Мыйзам боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү эки айды түзөт.

"Эгер ал убакытта иштин каралышы аягына чыкпаса, ал дагы бир мөөнөткө жылдырылат", - деп билдиришти Биринчи май райондук сотунан.

Эскерте кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир нече кылмыш иштерине шектелүүдө: Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык схемалар, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, борбор калаанын ЖЭБине көмүр сатып алуудагы коррупция, Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатып алуу.

2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, соттун чечими менен ал 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 20-август күнү Биринчи май райондук соту аны 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Учурда сотто кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш каралууда.

Пикир

Оставить комментарий