• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Атамбаевдин баштоолору улантууга татыйт – саясат таануучу

Коом 0

Бишкек, 08.09.17 /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруусунун жыйынтыктары “Президент Алмазбек Атамбаевдин ишинин жыйынтыктары” тегерек үстөлдө сунушталып, талкууланды. Иш чара “Пикир” эксперттик клубу тарабынан уюштурулуп, Ж.Баласагын атындагы КУУда өттү. Ага бир катар белгилүү саясат таануучулар жана эксперттер катышышты.

“Бүгүн биз учурдагы президенттин башкаруусуна сереп салып жатабыз. Албетте, сынга алуу оңой, бирок позитивди, оң башталыштарды белгилөө маанилүү. Ошондой эле, мамлекеттик тренддерге ылайык, кайра өзгөртүүлөр улантылып, улануучулукка ээ болушу керек”, - деди иш чаранын модератору Бакыт Бакетаев.

Саясат таануучу КСДП саясий партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланса, учурдагы мамлекет башчынын туруктуу өнүктүрүү курсун улантуу ниетин билдиргенин белгиледи.

“Сооронбай Шарипович эгерде калк жана кудай колдосо, ал социалдык-экономикалык жана демократиялык куруулардагы башталыштарды улантып, туруктуулук жана өнүгүү багытын улантууну камсыздай турганын айтты”, - деп түшүндүрдү ал.

Мындан тышкары, Б.Бакетаев айрым саясатчылар айткан мамлекеттик башкарууну президенттик түргө кайтаруу демилгелерин артка кетүү катары баалоо керектигине көңүл бурдурду.

“Кыргыз коомунда кыйла бай саясий капитал топтолду. Ошондуктан эл бул тренддердин уланышын күтүшөт. Кыргызстандыктар учурда кандайдыр бир революциялык чаалыгууну сезип турушат. Ушундан улам баарын кыйратып, башынан баштоо – артка чегинүү болуп саналат. Биз бул баскычтан өттүк. Учурда өлкөдө жаңы тренд – бул башталыштарды улантуучулук. Биз эл муну колдойт деп ишенебиз”, - деди эксперт.

Сөзүнүн соңунда Б.Бакетаев мамлекеттердин жана адамзаттын цивилизациясынын тарыхы эч нерсени бүлүндүрбөө керектигин дайыма далилдеп келгенин айтты.

“Эң жакшысын тандап, ошону улантуу керек. Бул өңүттөн алганда бизге Кытайдын тажрыйбасы айкын мисал. Биз алардын улантуучулугун, уюштуруу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү тажрыйбаларын үйрөнсөк болот”, - деди саясат таануучу.

Тегерек үстөлдүн ишиен Жумкадыр Акенеев, Марс Сариев, Игорь Шестаков, Кайрат Осмоналиев, Токтогул Какчекеев, Эльмира Иманалиева, Валентин Богатырев катышышты.

Пикир

Оставить комментарий