• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаевдин билдирүүсү казак бийлигин КазакстанРеспубликасынын социалдык-экономикалык абалы тууралуу отчет берүүгө мажбурлады – саясат таануучу

Коом 0

Бишкек, 10.10.17 /Кабар/. Атамбаевдин билдирүүсү казак бийлигин Казакстандын социалдык-экономикалык абалы тууралуу отчет берүүгө мажбурлады.

Казакстандын оциалдык өнүктүрүү министринин жана казак премьер-министринин өз президентин жактап, А.Атамбаевди сындап чыгышы – бул түшүнүктүү. Алар мамлекеттик кызматкерлер жана бул алардын милдети. Бирок, казак сегменти социалдык тармактарда кандай пикирде болуп жатышканын карап чыгуу жетиштүү. Бул Казакстандын коомчулугунун көз карандысыз пикиринин дал өзү болуп саналат.

Казактар жалпысынан биздин президентти колдошот, себеби ал казак бийлиги үн катпаган нерсени айтты.

Казакстандын бийлиги Кыргызстан Казакстандын жашоосуна кийлигишпеси керектигин айтып, кыйытышууда. Андай болсо, эмне үчүн алар биздикине кийлигишүүдө? Эмне үчүн Назарбаев КР президенттигине талапкер менен жолугушуп, Кыргызстандын башында жаш президент турушун каалай турганын айтат. Бул талапкерди колдоо тууралуу билдирүүдө. Менимче, бул Кыргызстандын шайлоо процессине тикелей кийлигишүү.

Атамбаев мунун баарын айтып туура кылды. Кыргызстан – көз карандысыз, эгемендүү мамлекет, ал өзүнүн ички саясатына аралашууга эч кимге жол бербейт.

Пикир

Оставить комментарий