• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаевдин экс-президент макамынын алынышы: Конституциялык палата сот Мамыровду четтетүү боюнча өтүнүчтү канааттандырды

Коом 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Бүгүн Конституциялык палатада мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин, Атамбаевдин экс-президент макамын алуу боюнча мыйзамдын нормасын конституцияга каршы келет деп табуу боюнча келтилген өтүнүчтү кароо боюнча отурум өтүүдө.

Жоопкер тарап, Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары Эркин Мамыровго ишенбестик көрсөтүү тууралуу өтүнүч келтиришкен. Алардын айтымында, бул ишти кароодо ал калыстык кыларына шек санашат. Анткени буга чейин Мамыров мурунку президент Атамбаевдин иши боюнча пикирин билдирип, журналисттерге маек берген.

Соттор кеңешүүчү бөлмөдөн чыгып, бул өтүнүчтү канааттандыруу чечимин кабыл алышкан.

Сотто тыныгуу жарыяланды.

Отурум Карыбек Дүйшеевдин төрагалыгы алдында өтүүдө. Ошондой эле отурумда, сот Эркинбек Мамыров, Эмил Өскөнбаев, Чынара Айдарбекова, Мукамбет Касымалиев, Жедигер Саалаев, Куанбек Кыргызбаев, Айсалкын Нарынбеков жана Чолпон Осмоновалар катышууда.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Кыргызстандын парламенти, Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Ишинин соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш факттарына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген: Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык схемалар, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, борбор калаанын ЖЭБине көмүр сатып алуудагы коррупция, Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатып алуу.

2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, соттун чечими менен ал 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 20-август күнү Биринчи май райондук соту аны 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий