• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Атамбаевдин иши. Мурдагы президенттин кармалышы мыйзамдуу деп таанылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаардык сотунун УКМКнын имаратында көчмө жыйыны болуп, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы мыйзамдуу деп таанылды. Андан тышкары, сот Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтырды.

Адвокаттын айтуусунда, Атамбаев нааразычылык иретинде тергөөчүлөр менен соттордун эч бир суроосуна жооп берген жок.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Кийинки күнү, 8-августта кечинде Атамбаев кармалган. Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин камакка алынган. Кийин Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узарткан.

Кой-Таш айылында башаламандыктарды уюштуруу, атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуусу жана бир катар жарандардын жаракаттарды алуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Пикир

Оставить комментарий